КИРИШҮҮ

     Компьютер менен байланышкан Информатика термини францияда XX кылымдын 60-жылдарында пайда болду, бул терминди электрондук эсептөөчү машиналардын (компьютердин) жардамы менен маалыматтарды автоматтык түрдө иштетүүнү аташ үчүн киргизишкен. Термин француз тилинин informatique сөзүнөн келип чыккан жана ал informacion (маалымат) менен automatique (автоматика) сөздөрүнүн биригүүсүнөн пайда болуп маалыматтык автоматика же маалыматтарды автоматтык түрдө иштетүү дегенди билгизет. Батыш мамлекеттеринде билимдин бул багыты үчүн компьютер илими (computer science) термини колдонулат.

Азыркы учурда ИНФОРМАТИКА илимдин бир багыты катары калыптанып, анда компьютерди пайдаланып табияттагы, техникадагы жана коомдогу маалыматтарды илимий методдун негизинде формалдаштыруу, моделдөө, көрсөтүү, жыйноо, иштетүү, жиберүү ж.б. үйрөтөт. Ошентип, информатика — философия, психология, математика, лин­гвистика, кибернетика, электроника, радиоэлектроника ж.б.у.с. бир нече фундаменталдык жана колдонмо илимдердин байланыштарынын негизинде пайда болгон илимдин бутагы болуп эсептелет.

 Информация жана информатика

Биз материалдык дүйнөдө жашайбыз, жана физика курсунан билгендей энергия жок болбойт, ал жөн гана бир формадан экинчисине өтүп турат. Ушундай энергиянын алмашуусу берилиштердин пайда болуусуна алып келет. Бул берилиштерди өлчөөдө жана каттодо маалыматтар келип чыгат.

 Маалыматтар – катталган берилиштер. Бардык эле берилиштер информация боло бербейт. Эгер кандайдыр бир чет тилдеги радиоберүүнү угуп жатсак белгилүү бир маалымат алып жаткан болобуз, бирок чет тилди билбей, аны түшүнө албагандан кийин информация алдык деп айта албайбыз. Ошондуктан, информация – бул маалыматтардын жана аларга тиешелүү ыкмалардын өз ара катышынан пайда болгон жыйынтык.

Информациянын төмөнкү касиеттери эң маанилүү деп эсептелинет:

1.           объективдүүлүк жана субъективдүүлүк (маалыматты иштетүүдө ыкмалардын канчалык субъективдүү элементи колдонулса, информация ошончолук объективдүү);

2.           толуктук (информациянын толуктугу анын сапаттулугун айгинелейт);

3.           ишенимдүүлүк;

4.           дал келүү;

5.           жеткиликтүүлүк

6.           актуалдуулук.

Маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдүн эң негизгиси – кагаз, б.а. маалыматтар кагаз бетинин оптикалык көрүнүшүнүн өзгөрүүсүнөн пайда болот. Магниттик касиеттеринин өзгөрүүсүнөн пайда болгон маалымат алып жүрүүчүлөрдүн катарына магнит ленталарын, дисктерди киргизишет, ал эми сырткы катмарынын химиялык түзүлүшүнүн өзгөрүүсүнөн фотосүрөттөр келип чыгат.

Маалыматтар менен болгон амалдардын ичинен төмөнкүлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот:

Ар түрдүү типтеги маалыматтар менен иштөөнү автоматташтырууда алардын формасын бирдей кылуу керек, б.а. бир типтеги маалыматарды башка типтеги маалымат менен камтуу керек. Эсептөө техникасында экилик система менен коддоо колдонулат, жана анын негизин 0 жана 1 сандарынын удаалаштыгы түзөт. Англисчеден binary digit – экилик цифра же кыскартып bit (бит) деп коюшат.

Бир бит менен 0 жана 1 (ооба же жок, ак же кара ж.б.) маанилери туюндурулат. Эгер биттин санын экиге чейин көбөйтсөк, анда  00  01  10  11  сыяктуу төрт башка түшүнүк пайда болот.

Азыркы убакта байт деп аталуучу 8 биттин тобунан турган форма колдонулат.

Ондук сан

Экилик сан

Байт

1

1

0000 0001

2

10

0000 0010

…

…

…

255

11111111

1111 1111

 Эң кичине маалымат өлчөө бирдиги болуп байт эсептелет. Тексттик информациянын 1 символу  1 байт менен коддолот. Болжол менен калыптоого кабылбаган 1 бет текст 2 Кбайтка барабар.

1 Мбайт = 1024 Кбайт = 1020 байт,

1 Гбайт = 1024 Мбайт = 1030 байт,

1 Тбайт = 1024 Гбайт = 1040 байт.

Маалыматтарды сактоо бирдиги катары файл эсептелет. Файл – жекече атка ээ болгон, байттардын каалагандай санынан турган удаалаштык. Файлда кандайдыр бир эле типке тиешелүү маалыматтар сакталат, ошондуктан маалыматтардын тиби файл тибин аныктайт. Файлдар иерархдык түзүлүштү түзөт, жана ал файл түзүлүшү деп аталат. Файлдык түзүлүштүн чокусу катары маалымат алып жүрүүчүнүн аты эсептелет, андан кийин файлдар папкаларга (каталогдорго) уюшулат, ар бир папка (каталог) ичине дагы бир нече папкаларды (каталогдорду) камтуусу мүмкүн. Файлдын толук аты катары анын жекече аты жана аны ачуу (жүктөө) жолу каралат. Файлдын толук атынын жазылуусунун мисалы:

<Алып жүрүүчүнүн аты>\<каталог-1 аты>\…\<каталог-N аты>\<файлдын жекече аты>.

 Информатика – маалыматтарды компьютердин жардамы менен түзүү, сактоо, жыйноо, өзгөртүп түзүү жана жөнөтүүнүн жоболорун калыптоочу жана компьютердин иштөө принциптери менен аларды башкаруу ыкмалары жөнүндөгү техникалык илим.

Информатика илиминин предметин төмөнкү түшүнүктөр түзөт:

Адам менен аспаптык жана программалык жабдуулардын катышынын ыкмалары жана каражаттары колдонуучунун интерфейсин түзөт.

Информатиканын негизги маселеси болуп компьютердин аспаптык жана программалык жабдуулары менен иштөө ыкмаларын жана жоболорун калыптоо эсептелет. Бул маселелердин катарына практикалык колдонуулардын төмөнкү багыттарын бөлүп көрсөтүүгө болот:

 Компьютер жана анын чөйрөсүнүн өнүгүү тарыхы

     Информатика компьютердик техниканын өнүгүшү менен пайда болду жана ага негизделет. Акыркы миң жылдыкта адамзат үч маалыматтык революцияны башынан өткөрдү, алар коомдун жана цивилизациянын өнүгүшүнө өтө чоң таасир тийгизди. Жетишкендиктердин биринчиси XV кылымдын ортосунда Иоган Гутенберг тарабынан ойлоп табылган басып чыгаруучу станок. Анын жардамы менен берилиштерди ыңгайлуу жана ишенимдүү түрдө жыйноо жана таратуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Экинчи революция катары XIX кылымдын аягында пайда болгон телефон жана радио байланышы эсептелет, алардын жардамы менен коммуникация реалдуу убакытта ишке ашырылды. Үчүнчү жетишкендик XX кылымда эсептөөчү каражат катары пайда болгон компьютер менен байланыштуу. Кийин өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө байланыш-катнаш каражаттарын кошуп учурдун талабындагы маалыматтуу коомду түзүүнүн башкы куралына айланды.

Механикалык эсептөөчү түзүлүштөрдүн тарыхы миңдеген жылга чейинки убакытты камтыйт. Биринчи эсептөөчү каражат болуп абак (чот) эсептелген, ал болжол менен биздин эрага чейин 2,5 миң жыл мурда пайда болгон. Акыркы миң жылдыкта механикалык түзүлүштөр сандык, андан кийин электрдик, акырында электрондук түзүлүштөргө өзгөртүлүүнүн негизинде учурдагы компьютерлердин пайда болушуна алып келди.

X кылымдын башында Европада араб цифралары тарала баштап, кийин автоматтык эсептөөнүн негизин түздү. Логарифмди биринчи киргизген барон Джон Нейлердин иштерине негизделип, Англияда биринчи эсептөөчү түзүлүш — логарифмдик сызгыч пайда болду. 1642-жылы атасынын күндө аткарган эсептөө жумушун жеңилдетүү максатында көрүнүктүү математик Блез Пас­каль биринчи эсептегич машинаны жасаган. XIX кылымдын башында гана программалануучу машина пайда болду. Перфокарта менен башкарылган биринчи программалануучу машина 1804-жылы Джозеф Джаккард тарабынан иштелип чыккан токуучу станок болгон. Ал кездемелердин үлгү сүрөттөрүн сырткы сактоочу түзүлүштө сактаган. Мындан кийин 1830-жылы Чарльз Беббидж тарабынан биринчи программалануучу эсептөөчү машина иштелип, бирок ошол учурда ишке киргизилбей, 140 жыл өткөндөн кийин Беббидждин чиймелери пайдаланылып иштелип чыккан. Бул машинага алгачкы программаны 1842-жылы лорд Байрондун кызы Ада Лавлейс иштеп чыккан. Биринчи программалоочу аялдын атын түбөлүккө калтыруу максатында программалоо тилинин бири АДА деп аталган.

XIX кылымдын аягында, б.а 1896-жылы Герман Холлерит тарабынан негизделген Tabulating Machine Company компаниясы кийин IBM деп аталып эсептөөчү техниканы өркүндөтүүнүн дүйнөлүк борбору болуп калды.

Компьютердик техниканын өнүгүшүнүн этаптарын аныктаган маанилүү ачылыштар төмөндөгү жадыбалда келтирилген.

1457

Басып чыгаруучу станокту ойлоп табуу

Иоганн Гутенберг

1642

Биринчи эсептөөчү машина

Блез Паскаль

1804

Станокту башкара турган биринчи перфокарта

Джозеф Джаккард

1830

Биринчи программалануучу компьютер

Чарльз Беббидж

1842

Эсептөөчү машина үчүн биринчи программа

Ада Лавлейс

1876

Телефондун ойлоп табылышы

Александр Белл

1927

Биринчи аналог компьютери

MIT

1937

Биринчи лампалуу компьютер

Джон Атанасов

1940

Эки компьютер арасында маалыматтарды жиберүү

Джордж Стибиц

1945

Сандарды магниттик жолу менен жазуу

IBM

1947

Транзистордун ойлоп табылышы

Уильям Бедфорд Шокли

1958

Биринчи интегралдык схема

Джек Килби

1964

Биринчи локалдык тармак

Ливемор лабораториясы,АКШ

1969

Микропроцессордун ойлоп табылышы

Тед Хофф (Intel)

1974

Алгачкы микрокомпьютер

Лес Солмен

1981

Алгачкы жеке компьютер

IBM

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Биринчи аналог компьютери 1927-жылы Массачусет технологиялык институтунда иштелип чыккан.  Ошондон баштап компьютер муундары электрондук базалары өзгөртүлгөн ачылыштар менен кошо өнүгүп келди.

1. Биринчи муундагы (элементтик базасы электрондук лам­па) компьютерлердин пайда болушу жана өркүндөшү кыркынчы-элүүнчү
жылдарга туура келет, бул машиналарга программалар машинанын коду менен жазылчу. Мындай комп
ьютерлердин көлөмү өтө
чоң болгон жана бир нече миң электрондук лампалардан турган.

2. Элүүнчү жылдардын аягы-алтымышынчы жылдардын ортосунда экинчи муундагы компьютерлер жарым өткөргүч элементтерине негиз-делип ишке киргизиле баштаган. Программалар алгоритм тилдерин пайдалануу менен иштелип чыккан, компьютердин көлөмү кичирей-тилип мини-компьютер деп аталган компьютерлер пайда болгон.

3. Алтымышынчы жылдардын ортосу–жетимишинчи жылдардын ор-тосундагы мезгилде интегралдык схемаларга негиз­делген үчүнчү муун-дагы компьютерлер иштелип чыккан. Ком­пьютердин көлөмү андан ары кичирейтилип, алыста жайгашкан терминалдарга жетүү аткарылган. Ушул учур микропроцессордун пайда болушуна туура келет.

4. Жетимишинчи жылдардын ортосунан-сексенинчи жылдардын ортосуна чейинки мөөнөттө микропроцессорго негизделген төртүнчү муундагы компьютерлер пайда болду. Жеке компьютерлердин кеңири таркалуу мезгили болду жана ошону менен катар көп процессордуу кубаттуу эсептөөчү системалар өркүндөтүлдү.

5.       Сексенинчи жылдардын ортосунан баштап бешинчи муундагы компьютерлердин эпохасы башталды. Элементтик базасы өтө чоң интегралдык схемаларга (VLSI —very large scale integration) негизделген компьютерлердин тармактарынын кеңири жайылышы менен компьютердин колдонулушу көбөйүүдө.

Компьютердин өнүгүшү менен анын чөйрөсү жана программалык жабдыгы дагы өнүгүү жолунда келатат.

 Компьютерлердин аспаптык бөлүктөрү (Hardware)

 Өзүнүн эсинде сакталган буйруктардын башкаруусу менен иштеп, маалыматтарды (infоrmation) кабыл алып (киргизип), берилиштер (data) үстүнөн арифметик жана логик амалдарын аткаруу менен жыйынтык алып (чыгарган) жана алынган жыйынтыктарды кийин колдонуу үчүн сактап койгон электрондук түзүлүш компьютер (computer) деп аталат. Компьютерлердин көпчүлүгү бир бири менен туташтырууга, берилиштерди башка компьютерлерге жиберүүгө жана алардан алууга, ошондой эле Интернет менен байланышууга жөндөмдүү.

Компьютерге берилиштерди киргизүү, аларды иштетүү, алынган маалыматтарды чыгаруу жана сактоо атайын жабдуулар (түзүлүштөр) менен аткарылат, булар компьютер жабдуулары (hardware) деп аталат. Эгерде, компьютер курамына көз жүгүртүп көрсөк, анда ал төмөнкү бөлүктөрдөн тургандыгын байкайбыз: дисплей (монитор), системдик биримдик, клавиатура, «чычкан» (англ. mouse - чычкан). Калгандары: принтер, сканер, дижитайзер, плоттер, модем, динамиктер ж.б. перифердик (компьютердин айланасындагы деген мааниде) түзүлүштөргө киришет.

 Системдик биримдик эки түрдө – мунара сыяктуу, вертикалдык жана горизонталдык абалда болгон темир кутуларга жайгаштырылып чыгарылат. Анда ток булагынын (өзгөрүлмө токту турактуу токко – 5 жана 12 В айландыруучу) түзүлүшү, систе­мдик плата, катуу диск (винчестер), ийилчээк дискеттерди башкаруучу түзүлүш, CD-ROM (Compact Disk-Read Only Memory – компакт диск – окууга гана мүмкүн болгон эс) орнотулат.

 Оперативдүү эс (RAM - Random Access Memory - эркин иштөө мүмкүнчүлүгү бар эс деген мааниде) - эсептөөлөр убагында б.а. компьютер иштеп турган учурда маалыматтарды убактылуу сактап (жыйнап) туруучу эс. Эгерде, оперативдүү эстеги маалыматтар винчестерге (катуу дискага) же ийилчээк дискаларга сакталбаса (көчүрүлбөсө), анда компьютер өчкөндөн кийин ал маалыматтар да өчүрүлөт, аларды кайра калыбына келтирүү мүмкүн болбой калат.

Бул эс мейкиндигинде маалыматтарды кайра иштетүү өтө тез ыл-дамдыкта жүргөндүктөн, анын көлөмү канчалык чоң болсо, ошончолук көп маалыматтарды катуу дискага кайрылбастан иштеп чыгарууга мүмкүн б.а. компьютердин өндүрүмдүүлүгү да жогору болот.

Баштапкы чыгарылган компьютерлердин оперативдүү эс көлөмү 256 Кбайтты түзсө, бүгүнкү күндө ал көрсөткүч 1024 Мбайтка жетип, 128Мбайттан кем болгон компьютерлер учурдун талаптарына жооп бербей калды.

Чындыгында оперативдүү эстин аз гана бөлүгү эсептөөлөр үчүн бөлүнүп, калганы маалыматтарды убактылуу сактоо үчүн сарпталат.

Азыр микропроцессорлордо өтө тез ылдамдык менен иштөөчү оперативдүү эси бар микросхемалар орнотулууда. Эстин бул түрү ички кэш (cash) деп аталат. Ал эми сырткы кэш өзүнчө микросхемада болуп, микропроцессордон ажыратылган абалда жайгаштырылат. Алардын эс көлөмү 512 Кбайттан жогорулап келе жатат.

 Винчестер - бул Америкада мурда өтө популярдуу болгон мылтыктын түрү (автомат сыяктуу), ал эми компьютердеги түзүлүш жөнөкөй (ийилчээк) дискеттерге салыштырганда, андагы дискалардын саны эси жагынан көп, ишенимдүүлүгү жана маалымат алмашуу жөндөмү жогору болгондуктан батышта «винчестер» деген ат менен белгилүү. Англис тилинде бул түзүлүш HDD (Hard Disk Drive - катуу дискти башкаруучу, айландыруучу деген мааниде) деп айтылат.

Анын ичин элестетип көрсөк, анда ал бир нече дискалар цилиндр сыяктуу биринин үстүнө экинчиси жайгаштырылып, айландыруучу моторго туташтырылган жана ар бир диск окуу-жазуу куралы менен камсыз кылынган түзүлүш. Мындай дискаларда компьютердеги дээрлик бардык программалык жабдуулар, аудио-видеофрагменттер, эсептөөлөр жыйынтыктары ж.б. маалыматтар узак убакытка сакталат. Катуу дисктердин эс көлөмү бүгүнкү күндө 160 Гбайтка жетип калды.

 Монитор (дисплей) негизинен компьютердин системдик биримдиги менен бирге сатылып, бүгүнкү күндө үч түрдүү стандартта чыгарылат: VGA (Video Graphic Array), SVGA (Super VGA), LCD (Liquid Crystallic Display). Алар компьютердеги (системдик биримдиктеги) видеоадаптерлердин (adapter – көндүрүүчү, жөнгө салуучу) жөндөмдүүлүктөрүнө жараша 4 түс (640х480 чекит), 16 түс (1024x768 чекит) жана 32 млн. түс берүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. LCD (суюк кристаллдык дисплей) Note Book (чөнтөк дептерчеси) деп аталуучу чакан компьютерлерде колдонулат.

FDD (Floppy Disk Drive) - ийилчээк диск башкаруучу түзүлүш.

CD-ROM же компакт диск окуучу (башкаруучу) түзүлүш. Бул түзүлүш азыркы мезгилде чыгарылуучу компьютерлердин бирден-бир ажырагыс бөлүгү катарында болуп калды. Компакт диск өзүнө (азырынча) 640 Мбайт маалыматты сактайт. Анда компьютерге орнотулуучу программалар жазылып, 1,5 сааттык аудио- жана видеофильмдер ойнотулушу мүмкүн.

Порттор параллель жана удаалаш болуп бөлүнүшөт жана алардын санына жараша түрдүү перифериялык түзүлүштөр: модем, «чычкан», сканер, принтер ж.б. туташтырылат. Параллелдик порттор аркылуу маалымат алмашуу удаалаш портторго караганда бир кыйла тез жүргөндүктөн, алар аркылуу принтерлер байланыштырылат.

 Клавиатура – бул бүгүнкү күндө информацияны ЭЭМге кийирүүнүн эң негизги каражаты болуп эсептелет. Буюм катарында карап көрсөк клавиатура – металлдан же пластмассадан жасалган жалпак кутуча – бетинде 103-110 го чейин жеткен бармакчалар (клавишалар) жайгашкан түзүлүш. Клавишаларды басуу аркылуу борбордук процессорго белгилүү сигналдарды жиберебиз.

Жогоруда келтирилген түзүлүштөр иштеши үчүн ПЭЭМдин негизги бирикмесинде атайын адаптердин жана системада атайын программанын – драйвердин болуусу зарыл. Адатынча андай программалар ал түзүлүштөр менен бирге сатылып, орнотуу (Setup) утилиталары менен жабдылган болот.

ЭЭМ ишинин натыйжасын кагазга түшүрүү үчүн эң негизги каражат катарында принтерлер эсептелинет. Принтер программа тарабынан башкарылып, компьютер менен драйверлер аркылуу байланыш түзөт. Аларды аракет принцибине жараша төмөнкү топторго бөлүүгө болот:

1)      барабандык;

2)      шрифт алып жүрүүчүнү алмаштырууга мүмкүн болгон;

3)      мозаикалык;

4)      лазердик;

5)      сыялык.

Азыркы мезгилде эң эле кеңири колдонулгандарына лазердик принтерлер кирет. Алар колдонууга ыңгайлуулугу, жеңилдиги, басып чыгаруунун сапаты жана тездиги жогору болушу менен айырмаланат.


ПКнын программалык (
Software) жабдуулары жөнүндө негизги түшүнүктөр.

 Иштетүү системасынын тарыхы 1954-жылдан башталат, ошол жылы Джин Амдал тарабынан IBM-704 компьютери үчүн иштетүү системасы иштелип чыккан. 1954-жылы ЮМ фирмасынын кызматкери Джон Бекус жогорку деңгээлдеги сандык маселелерди чыгаруучу FORTRAN аттуу процедуралык тилди иштеп чыгып, ал тил программалык жабдуунун өнүгүшүнө өтө чоң таасир тийгизди жана андан кийин көптөгөн алгоритм тилдери пайда болду. Жеке компьютерлердин массалык түрдө таралышына себеп болуп 1964-жылы IBM фирмасы тарабынан сунуш кылынган текстти иштетүү (word processing) программасы болду.

Компьютер телевизорго окшош болгону менен анда үндү, видеосигналдарды кабыл алуучу системалар жок, аларды орнотуу керек, ошондо гана телеберүүлөрдү кабыл ала алат. Бирок, негизги айырма программалык жабдылуусунда (ПЖ) жатат. Ансыз компьютер деп чогулткан тетиктерибиз жөн эле «темир сандык».

Программалык жабдуу деп компьютер жабдууларынын иштешин, аларды диагностоону жана тестирлөөнү, ошондой эле колдонуучунун каалагандай маселелерин иштеп чыгуусун, оңдолушун жана аткарылышын камсыз кылган программалардын тобу айтылат.

Программалык жабдуу  бул:

ПЖны окуп үйрөнүү үчүн аны бир канча класстарга бөлүшөт. Бирок, жалпысынан алганда аны үч класска бөлүү ыңгайлуу:

Биринчи класска операциялык системалар (ОС) жана алардын сервистик программалары (кабыкчалары), экинчи класска колдонмо программалар жана системалар, ал эми үчүнчү класска инструменталдык тилдер (программалоо тилдери) жана программалоо системалары киришет.

Колдонмо программалар жана АПЖ системалык программаларсыз иштей алышпайт. Системалык ПЖ гана «темир сандыкты» компьютерге айлантат. Мындай программалар операциялык системалар деген ат менен белгилүү.

Операциялык система - бул машинанын эсептөө процессин, адам менен машинанын маектешүүсүн жана машина менен колдонмо программалардын байланышын уюштуруучу программалык жабдуу. Андан коюлган маселени чечүү, машинанын бөлүктөрүн колдонуу жана колдонуучунун эмгегинин эффективдүүлүгү көз каранды болот. ОСтин эң эле кеңири таркалган аныктамасы: операциялык система – бул эсептөө системасынын ресурстарын башкаруу үчүн дайындалган башкаруучу программалардын терими.

Компьютерлердин разряддуулугунун көбөйүшү менен алардын түрдүү операцияларды аткаруу жөндөмдүүлүгү өсөт. Ошондуктан компьютер өндүрүүчү фирмалар аларды жаңы (же өрчүтүлгөн) операциялык системалар менен жабдууга мажбур болушат. Мисалы, IBM фирмасы менен бирге кызматташ болгон Microsoft корпорациясы 1981-жылдан бери MS-DOS (Microsoft - Disk Operation System) системасынын бир канча варианттары менен бирге Windows тун түрдүү версиясын иштеп чыкты. Ошондой эле система жана анын түрлөрүн (PC-DOS – Personal Computer-Disk Operation System) IBM фирмасы да чыгарып келди.

Келтирилген системалар катуу же ийилчээк дискаларга орнотулгандыктан аларды дискалык операциялык системалар (ДОС) деп атоо адат болуп калды.

 Windows операциялык системасы

Windows чөйрөсүндө түрдүү программалар менен иштөөдө «курсор» менен «чычкандын» мааниси өтө чоң.

Курсор – экранда кандайдыр бир образды алып жүрүүчү (жебече, квадрат, таякча, түстүү так ж.б.) кыймылдуу объект. «Чычкан» курсору – жебече түрүндө көрсөтүлөт , кыймылдуу. Аткарган жумушуна жараша өзгөрүп турат. Мисалы, программа ишке киргизилип же оперативдүү эске жүктөлүп жаткан учурда «кум саатынын»  формасын алат. Бул учурда, мурдагы абалга келмейинче эч кандай аракет жасабай күтүп туруу керек. Эгерде, жебечени терезелердин каптал жактарынын чегине алып келсек, анда ал эки тарапты караган жебечеге айланат да, терезенин өлчөмүн өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Тексттерди редакциялоодо таякча формасын алат. Ал эми объекттерди (сүрөт, чийме ж.б.) көрсөтүү, белгилөө, жылдыруу учурунда кайрадан жебечеге айланат. Ошондой эле түрдүү прикладдык программаларда – кисть, суроо белгиси, текст формасы, бычак, кайчы, карандаш ж.б. формаларды алышы мүмкүн.

Экран курсору – бул курсор «чычкан» курсорунун аракети аркылуу белгиленип, аракетке келет. Төрт бурчтук түрүндө болот. Курсордун форманы алышы «объект белгиленди» дегенди билгизет да, колдонуучунун аракетин күтүп турат. Эгерде, объект белгиленген учурда Enter баскычы (же «чычкандын» сол баскычы 2 жолу тез-тез) басылса, анда объект маанисине жараша төмөнкү аракеттер жасалат:

а) объект – программалар тобу – программалар тизмеси берилет;

б) объект – башкы меню – менючалар ачылат;

в) объект – түпкү (акыркы) меню – кандайдыр бир аракет (менюнун шарты) аткарылат;

в) объект – программа – программа жүргүзүлөт;

г) объект – файл – файл тибине жараша иш аткарылат.

Бул учурда редактор жана файлдарды көрүү программалары автоматтык түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн.

Прикладдык программалардын жумушчу курсору. Бул курсор прикладдык программалардын максатына жараша түрдүү формада (кисть, карандаш) болот.  Текст редакторунда – таякча . Курсор экранга из калтыруу үчүн (тамга, цифра, белгилөөлөр) колдонулат. «Чычкан» курсору көп жумуш аткарат (өчүрүү, көчүрүү, ж.б.). Эки клавишасы иштейт: сол жана оң. Негизиси – сол. Оңу азыраак иштейт – динамикалык менюну чакырат.

«Чычкан» менен иштөөдөгү негизги аракеттер:

Бул аракеттерди токтотуу – Esc аркылуу ишке ашат.

 Терезелер менен иштөө.

 Терезе – экранда белгилүү бир дубанга, анык касиетке ээ болуп, өзүнө түрдүү маалыматтарды камтыган объект. Терезе экранда бир же бир нече болушу мүмкүн.  Алардын өлчөмүн кичирейтип, чоңойтуп өзгөртүүгө, жылдырууга болот. Терезелер экранда 2 түрдүү ыкма менен жайгашышат: каскад жана мозаика. Терезени активдештирүү, тандоо үчүн, анын көрүнгөн жерине курсорду алып барып, чычкандын жумушчу клавишасын басуу же ALT+TAB, ALT+SHIFT+TAB клавишалары аркылуу жүргүзүлөт.

Терезенин башкаруу элементтери – колдонуучунун прикладдык программа менен байланыш түзүүсүнө кызмат кылуучу обүекттер (барактоо сызгычтары, жандыруу, күйгүзүү кнопкалары, кнопка-желекчелер, редакциялоо талаасы ж.б.). терезенин эң үстүндө анын бөркү (прикладдык программанын аты) жана учурда ачылып турган файл аты жайгашкан. Бөрктүн сол тарабында иконка жайгашкан. Аны басуу менен терезенин башкаруу менюсу ачылат. Ошол эле саптын оь тарабында 2 же 3 кнопка жайгашкан: жыйноо , терезени чоьойтуу , жабуу .

Меню системасы – терезенин негизги элементтеринин бири, ал бөрктөн кийин жайланышып, көпчүлүк прикладдык программаларда дээрлик бирдей мааниге ээ  болгон кызматчы сөздөр менен жасалган.

Мисалы: Файл, Правка (редакциялоо), Вид (көрүү, карап чыгуу), Сервис, Окно (терезе), Справка (жардам) ж.б.

Бул менючалар кичине терезелерден туруп, аларда буйруктар, шарттар жайгашат. Андан ары жумушчу талаасы жайгашат, оң тарабында өйдө барактоо , бегунок (чуркап жүрүүчү кнопка), төмөн барактоо . Төмөн жакта да ошондой эле кнопкалар бар.

Эң төмөнкү сап абалдын сабы деп аталат.

Менюларды тандоо үчүн «чычкан» же Enter клавишасы басылат. Активдүү терезени жабуу үчүн ALT+F4, эгерде терезеде докментти редакциялоо жүрүп жатса CTRL+F4 клавишасы колдонулат. Эгерде аракеттен баш тартуу керек болсо – ALT+F10, ESC. Менюдагы бозоргон саптар активсиз.

Белгилер, пиктограммалар, иконкалар – кичинекей, графикалык символдор, алар менен программалар файлдары, программалык топтор, элементтер белгиленет.

 Пиктограммалар:

*     - файл ачуу (терезеге жүктөө);

*     -документти сактоо;

*     - басып чыгаруу (принтер аркылуу) ж.б.

 Программа белгилери:

,      ,               ж.б.

 Windows жүктөлгөндө экранда төмөнкү көрүнүш пайда болот

 Бул абал система ишке даяр дегенди билдирет жана колдонуучу үчүн «жумушчу стол» болуп эсептелет. Сүрөттөр – ярлыктар деп аталып, программа менен система ортосунда байланыш каражаты болуп саналат. Пуск кнопкасын басуу жумушту баштайт, көбүнчө ярлыктар аркылуу да ишке киргизүүгө болот.

Колдонмо программалык жабдуулар (КПЖ)

Төмөндө кеңири таралган жеке компьютердин колдонмо программалык жабдуулары келтирилген:

Жогоруда аталган колдонмо програмдардын ичинен жеке финансыдан башкасын мекемелер толук пайдаланышат. Бардык колдонмолорду колдонбогон менен, жок дегенде алардын мүмкүнчүлүктөрү менен тааныш болуу турмуш талабы. Бул колдонмолор жеке компьютерлерде пайдаланылат жана алардын көпчүлүгү ар кандай компьютерлерде аткарылат. Программалык жабдуулардын бир классына кирген программаларды программалар пакети деп аташат, мисалы, Microsoft Word программалар пакети болуп эсептелет.

MS Word – тексттерди иштетүүнүн программалык жабдуусу.

     Компьютердин колдонулуштарынын ичинен кеңири таралганы тексттерди иштетүү эсептелет. Тексттерди иштетүү ПЖ менен негизинен тексттен турган документтер түзүлөт жана алар өзгөртүлөт. Бул программалык жабдууну күнүнө миллион адам колдонот, алар менен каттар, докладдар жана башка документтер жазылат. Тексттерди иштетүү программалык жабдуусунун документтерди түзүүдөгү негизги артыкчылыгы, андагы өзгөртүүлөр жеңил аткарылгандыгы. Себеби сакталган документтерге кошумча киргизүү, аны өчүрүп салуу, сөздөргө, сүйлөмдөргө жана абзацтарга өзгөртүү жеңил аткарылат. Жаңы чыгып жаткан тексттик процессорлордо документке айрым өзгөртүүлөр автоматтык түрдө аткарылуучу элементтер камтылган.

Толук даярдалган документтин көп сандагы көчүрмөлөрү кагазга басылганда, анын ар бир көчүрмөсү биринчи нуска сыяктуу чыгарылат. Эгерде компьютер тармакка туташтырылса, анда документти электрониканын жардамы менен көп даректерге жиберсе болот. Текстти иштетүүчү програмдык жабдыктар документтерди сактоонун эффективдүү жолун сунуш кылат, себеби дискке көп сандагы документтерди сактап койсо болот.

Тексттерди иштетүүнүн ПЖ менен документтерди түзүү демейде төмөнкү төрт баскычтан турат: түзүү, редакциялоо (түзөтүү), калыптоо жана басып чыгаруу. Бешинчи баскыч катары документти сактоону кабыл алса болот, документти түзүү учурунда аны жоготуп жибербөө максатында сактоону тез тез аткарып туруу сунуш кылынат. Тексттик процессорлордун көпчүлүгү AutoSave элементтин камтыйт, анын жардамы менен убакыттын белгиленген мөөнөтүндө иштелип жаткан документ автоматтык түрдө сакталып турат.

1. Документти түзүүдө клавиш тактасы колдонулуп текст киргизилет жана документ экранда чагылдырылып турат. Документти экранда чагылдыруу режими толук дал келүү деп аталат, себеби түзүлүп жаткан документ экранга киргизилген тартипте көрсөтүлөт. Документти түзүүдө жаңы сапка өтүү, жыл­дыруу жана кыстаруу орунун жылдыруу аракеттери аткарылат.

2. Редакциялоо (түзөтүү—оңдоо—editing). Документти редакциялоо процесси, түзүлгөн документке өзгөртүү киргизүү, оңдоо дегенди билгизет. Документти редакциялоого жаңы тексттерди кыстаруу, өчүрүү, кесип алуу, көчүрүү, орнотуу, издөө жана алмаштыруу аракеттери тексттин туура жазылышын текшерүү, тезаурусту колдонуу, грамматикасын текшерүү, аннотация жана тамганын жанган жарыгын өзгөртүү (жарыкты чонойтуу) кирет.

3. Текстти иштетүүдө документти калыптоо. Документтин көрүнүшүн өзгөртүү калыптоо деп аталат. Көрүнүшү көркөмдүү документтер окурмандарга көп таасир тийгизет. Ошол себептен кàðäàðëàðãà жиберилүүчү документтердин калыптоосуна көп убакыт жумшалат. Төмөндө документтерди калыптоодо колдонулган тексттерди иштетүүнүн элементтери келтирилген:

 

4. Тексттик документти басып чыгаруу. Тексттик процессорлордун көбү документти басып чыгаруунун көп каржаттарын сунуш кылат.

 MS Excel – Электрондук жадыбалдын программалык жабдуусу (Spreadsheet Software)

     Электрондук жадыбалды колдонуу берилиштер менен иштөөнү жана эсептөөлөрдү жүргүзүүнү жеңилдетет. Экономикалык жана бухгалтердик эсептерде кеңири колдонулушка ээ, ошондой эле электрондук жадыбалды төмөнкүдөй илимий-техникалык маселелерде эффективдүү колдонууга болот:

 Электрондук жадыбалдын программалык жабдуусу сандык берилиштерди электрондук жадыбал деп аталган жумушчу баракта (worksheet) же жадыбал калыбында уюштурууга мүмкүндүк берет.

Электрондук жадыбал 255 барактан турган китепчеге окшош жана электрондук жадыбалдын каалаган электрондук барагын чыгарыш үчүн ошол баракка туура келген табуляторду басып коюу жетиштүү. Ар бир барагы төмөн жагында жайгашкан ысымга ээ.

Электрондук жадыбалда берилиштер мамыча (column) жана сaп (row) түрүндө уюшулат. Мамычалар латын ариптери, ал эми саптар катар номерлер менен белгиленет. Ар электрондук жадыбал 256 мамычадан жана 65 536 саптан турат. Мамыча ысымдары А менен башталып IV менен, ал эми сап ысымдары 1 менен башталып 65 536 менен аяктайт. Жылдыргыч тилкелерди колдонуп активдүү жадыбалдын каалаган бөлүгүн көрүп алса болот.

Уячалардын бири ар дайым активдүү болуп, рамкага алынат. Бул рамка Excelде курсордун ролун аткарат, башкача айтканда ошол активдүү уяча ичинде берилиштерди киргизүү жана оьдоо аткарылат жана анын дареги формула сабында көрсөтүлүп турат.

Мамыча менен сап кесилишкен торчо уяча (cell) деп аталат. Электрондук жадыбал 16 000 000 уячадан турат жана аларга берилиштер киргизилет. Уячалар электрондук жадыбалда жайгашкан орду боюнча аталат. Мисалы, В мамычасы менен 12 саптын кесилишиндеги уяча В12 деп аталат. Формулалар менен иштөөдө жанаша жаткан уячаларга кайрылууга мүмкүн. Мындай уячалар жыйыны диапазонду түзөт. Мисалы А1:С15 диапазону А1 уячасынан баштап С15 уячасына чейинки тик бурчту камтыйт.

Уячаларга тексттик, сандык жана формула сыяктуу үч типтеги маалыматтар киргизилет. Формулага сандар, уячалардын аттары жана программалык жабдууда камтылган функциялар катышат жана алардын типтери автоматтык түрдө аныкталат. MS Excel берилиштердин төмөнкүдөй форматтарын колдойт:

Берилиштерди киргизүү активдүү уячага же формула сабына берилиштерди кийирүү жолу менен аткарылат. Эгер клавиш тактасынан кандайдыр бир берилиштер терилсе, анда учурдагы уячада жаьы берилиш пайда болот, ал эми формула сабына же уячага 2 жолу чычкандын сол баскычын чыкылдатуу менен киргизилсе уячадагы маанилерди оьдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Учурдагы (активдүү) уячага формула эсептелип, андан алынган маани чыгарылат. Формуланы камтыган уячага формуланын өзүн чыгарып алса деле болот.

Уячадагы маанилерди калыптоого да болот. Формат ячейки басуу аркылуу белгиленген уячадагы берилиштердин жазылуу калыбы, текттин багыты, шрифт жана символдор жазылуусу, экранда чагылуусу, рамка түрлөрү жана уяча түсүн өзгөртүү ишке ашырылат.

MS Excel электрондук жадыбал програмалык жабдуусунда эсептөөлөр формулалардын жардамы менен жүргүзүлөт. Уячага киргизилген формуланы каалаган уячага көчүрүүгө болот. Демейде формула көчүрүлгөндө уячаларга болгон шилтемелер автоматтык түрдө модификацияланып, жаьы орун чагылдырылат. Формуланы автоматтык түрдө өзгөртүүнү салыштырмалуу шилтеме (relative referencing) деп аташат. Эгерде формуланы көчүрүүдө формулада мурдакы эле уячаларды калтыруу керек болсо, анда шартсыз шилтемени (absolute referencing) пайдалануу керек. Мисалы, бир эле формуланы бир нече уячага колдонуу керек болсо, анда шартсыз шилтеме колдонулат, бул учурда формуладагы $Е$5 кайрылуу Е5 уячасына шартсыз кайрылуу болуп саналат. $A1 – мамыча боюнча, А$1 – жолчо боюнча шартсыз шилтеме.

Электрондук жадыбалдын программалык жабдуусунун эң кубаттуу элементтеринин бири электрондук жадыбалдагы уячанын мааниси өзгөртүлгөндө, ал уячанын мааниси катышкан уячалардагы маанилер автоматтык түрдө өзгөртүлөт. Кол менен өзгөрткөндө алды менен уячадагы маани өчүрүлөт, анын ордуна жаьы маани киргизилет. Андан ары, ал уячадагы маани катышкан баардык уячалардын маанилери өчүрүлүп, алардын маанилери кайрадан эсептелип чыгып, алынган жаьы жыйынтык киргизилет. Кол менен өзгөртүү жана модификациялоо көп убакытты талап кылат жана дагы жаьы каталарга алып келиши мүмкүн. Электрондук жадыбалда өзгөртүү эң жөнөкөй аткарылат, мында жаьы маанини терип коюу жетиштүү. Мааниси өзгөртүлгөн уяча катышкан башка уячалардын маанилери автоматтык түрдө өзгөртүлүп калат. Компьютерде модификациялоо түздөн түз ошол эле учурда аткарылат.

Электрондук жадыбалдагы берилиштер өзгөртүлгөндө кайрадан эсептеп чыгуу мүмкүнчүлүгү чечим кабыл алууда эң баалуу каражат болуп саналат. Бул мүмкүнчүлүктү кээде "эгерде болсо, анда эмне..." анализи деп аташат, себеби ар түрдүү сунуштардын жыйынтыгы (эгерде мындай өзгөртсөк, анда эмне...) тез көрүнүп турат.

Жадыбалдар кайталануучу жана бир типтеги маалыматарды камтыгандыктан MS Excel кийирүүнүн төмөнкүдөй автоматтык элементтерин камтыйт: автожыйынтык, сандар менен автоматтык толтуруу жана формулалар менен автотолтуруу.

Эгерде кезектеги уячага кайталанган тексттик маалымат жазылса, анда мурда киргизилген текст автоматтык түрдө толукталып чагылдырылат да Enter баскычын басуу менен автожыйынтыкталат, антпесе жаңы текст терилип киргизилет.

Сандар менен иштөөдө автотолтуруу колдонулат. Активдүү уячанын рамкасынын төмөнкү бурчунда автотолтуруу маркери деп аталган кара чакмак жайгашкан. Ага чычкан курсорун алып келсек «+» түрүнө келет да, маркерди горизанталдык же вертикалдык багытта тартсак уячалар тиешелүү берилиштер менен толтурулат.

  Стандарттык функциялар.

Стандарттык функциялар формулаларда гана колдонулат. Формула киргизүү «=» белгисинен башталат, ал эми функцияны тандоону функциялар устаты жеңилдетет. Эгер функция кайсы түргө тиешелүү экени белгисиз болсо, толук алфавиттик тизмеден кароого болот. MS Excel бардык функцияларды төмөнкүдөй типтерге бөлөт:

1)     Финансы (Financial) – финансы көрсөткүчтөрүн эсептеп чыгарууда колдонулат;

2)     Дата жана убакыт (Date & Time) – дата жана убакытты текст саптарына түз жана кайрадан которуу;

   Отсутствие: Веб-компоненты Microsoft Office
 
Для этой страницы требуется веб-компоненты Microsoft Office.

Установить веб-компоненты Microsoft Office..

Для просмотра этой страницы требуется Microsoft Internet Explorer 5.01 или более поздней версии.

Установка последней версии Internet Explorer.
 

ДАТА

Датаны Excel форматына алып келет

ДЕНЬ

Берилген датанын күнү

ДНЕЙ360

Эки датанын арасындагы күндөрдүн санын эсептейт

МЕСЯЦ

Берилген датанын ай номери

ТДАТА

Сандык форматтагы учурдагы дата жана убакыт

ГОД

Берилген датанын жылы

 

 

 

3)     Математика (Math & Trig)–математикалык жана тригонометриялык функциялар;

COS,SIN,TAN

Тригонометриялык функциялар

ACOS,ASIN,ATAN

Тескери тригонометриялык функциялар

LN, LOG, LOG10

Натуралдык, негизи 2, 10 боюнча логарифмдер

EXP

Экспонента

НЕЧЕТ

ОКРУГЛ

ЧЕТН

Тегеректөө фукнциялары

ABS

Сандын модулу

ГРАДУСЫ

Радианды градуска жана градусту радианга өзгөртүп түзүү

СТЕПЕНЬ

Даражага көтөрүү

РИМСКОЕ

Араб санын рим санына өткөрүү

СУММ

Сан катарынын суммасы

ОТБР

Бөлчөктүн бүтүн бөлүгүн бөлүп алат

 

 

 

 

 

 

 

 

4)     Статистика (Statistical) – орточо маани, дисперсия ж.б. ыктымалдуулук параметрлерин эсептөөдө колдонулуучу функциялар.

СРЗНАЧ

Аргументтердин арифметикалык орточосу

СЧЕТ

СЧЕТЕСЛИ

Аргументтер тизмесиндеги сандардын саны

СРГЕОМ

Оң сандардын геометриялык орточосу

МАКС

Аргументтер тизмесиндеги эң чоң маани

МИН

Аргументтер тизмесиндеги эң кичине маани

ДИСП

ДИСПР

Дисперсия эсептөө функциясы

 5)     Текст (Text) – текст саптары менен иштөөчү функциялар.

СОВПАД

Эки саптын окшоштугун текшерет

СТРОЧН

Тексттин бардык тамгаларын кичине тамгага алмаштырат

ПРОПНАЧ

Тексттин биринчи тамгасын баш тамга, калганын кичине тамга менен алмаштырат

ПОВТОР

Текстти белгиленген санда көчүрөт

СЖПРОБЕЛЫ

Ашыкча ачык символдорду (пробел) алып салат

ПРОПИСН

Бардык тамгаларды баш тамгаларга алмаштырат

 6)     Логика (Logical) – логилык типтеги берилиштер менен иштөөдө колдонулган 6 функция.

И

Логикалык көбөйтүү

ЛОЖЬ

Жалган маани кайтарылат

ЕСЛИ

Эгер шарт аткарылса бир маани, антпесе башка маани кайтарылат

НЕ

Логикалык жок

ИЛИ

Логикалык кошуу

ИСТИНА

Анык маани кайтарылат

 MS Excel формулаларын жана функцияларын окуп үйрөнүүдө каталар менен кездешүү болбой койбойт. Төмөнкү жадыбалда каталардын тизмеси берилген:

# # # # #

Эсептөөлөрдүн жыйынтыгын чагылдырууда уячанын узундугу жыйынтыкка туура келбей калганда

#ЗНАЧ

Аргумент же операнддын туура эмес тиби. Мисалы, сандык тип керек учурда аргументтин мааниси текст болуп калганда.

#ДЕЛ/0

0 гө бөлүү

#ИМЯ

Формулага киргизилген текстти MS Excel таанып-биле албаганда

#Н/Д

Формуланын бир аргументинин мааниси учурда пайдаланыла албайт

#ССЫЛКА

Уячага туура эмес шилтеме

#ЧИСЛО

Формула жыйынтыгын чыгаруу мүмкүн болбогондо

#ПУСТО

Эки кесилишпеген аймактын кесилишүүсүн издөө, б.а. туура эмес шилтеме

 

 

 

Диаграмма жана график түзүү.

Электрондук жадыбалдын программалык жабдуусунун стандарттуу каражаттары сандык маалыматты график түрүндө көрсөтүүгө жөндөмдүү. Мында сандык берилиштердин байланыштары график түрүндө көрсөтүлөт. Берилиштерди график түрүндө көрсөтүү маалыматты анализдөөнү жана аныктоону жеңилдетет. Электрондук жадыбалдын программалык жабдуусунун графиктеринин типтери аналитикалык график же иш графиги деп аталат, себеби ишкер адамдар биринчи кезекте сандык берилиштерди анализдөө үчүн ушундай графиктерди колдонушат. Колдонулган графиктердин көбү үч типтеги графиктерге негизделген, алар – гистограммалар, сызыктуу жана тегерек диаграммалар.

Диаграмма жумушчу барагына киргизилген обүект катары каралат да, ошол эле баракта жайгашат. Жадыбалдын берилиштери менен тыгыз байланышта болуп, бул берилиштер өзгөртүлсө ошол замат өзүнүн көрүнүшүн тууралайт.

Сызыктуу диаграммалар убакыт менен байланышкан багытты көрсөтүүдө эффективдүү, анда график төмөндөгөн жана жогорулаган сызыктар менен берилет. Эгерде чөйрө сызыктан жогору же төмөн жайгашып түс же оюу менен толтурулса, аны чөйрөнүн графиги деп аташат. Гистограммалар узундуктары ар башка тик параллелограмм же параллелепипед сыяктуу тирөөчтөр түрүндө берилиштердин байланышын көрсөтөт. Тирөөчтөр горизонтал, вертикал же биринин чокусуна экинчиси жайгашкан түрдө берилет. Тегерек диаграммалар бөлүнгөн тегерек түрүндө берилет, алар бүтүндүн бөлүктөрүнө болгон байланыштарды көрсөтүүгө ыңгайлуу. Көрүнүштү жакшыртуу максатында графиктердин көпчүлүгү үч өлчөмдүү калыпта көрсөтүлөт же басып чыгарылат.

 MS Excel документтерин басып чыгаруу.

Электрондук жадыбалдын экрандагы көрүнүшү барака басып чыгарылганынан бир топ айырмаланат. Себеби, бир эле жадыбалдын жумушчу барагын бир нече басып чыгарылуучу барака бөлүүгө тура келет. Ошондой эле программанын жумушчу терезисинин элементтери: сап жана мамыча аттары, уячалардын шарттуу чектери – басып чыгарууда көрсөтүлбөйт.

Жумушчу барагын басып чыгарууда алдын ала көрүп алуу режимин колдонуу сунуш кылынат. Бул режимде документ одолбойт, бирок кандай болуп басылып чыгарылары даана көрүнүп турат жана басып чыгаруу параметрлерин көрүүгө болот.

 

Басып чыгаруу аймагы – жумушчу барагынын басып чыгарылуучу бөлүгү. Эгер бул аймак белгиленбесе, анда барактын башынан баштап, бардык толтурулган уячалар кабыл алынат.

Басып чыгарылуучу барак чектери майда пунктир сызыктары менен көрсөтүлөт. Эгер белгилүү бир уячалар бир баракта жайгашуусу керек болсо, басып чыгаруу аймактары кол менен белгиленет.

Сандар менен гана иштебестен электрондук жадыбал пакеттери берилиштердин жалпы көрүнүшүн жакшыртуучу көп деген калыптоо элементтерине ээ. Бул элементтер шрифтти, өлчөмдү жана стилди өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүн камтыйт, чектерди жана сызыктарды кошот, түс жана штрихтөө берилиштерди көркөмдүү көрсөтүү үчүн колдонулат.

Электрондук жадыбалдар колдонмо программалык жабдуулардын белгилүүлөрүнүн бири. Ал кеңири диапозондогу ишкердик (бизнес) чөйрөсүндөгү жана башка багыттардагы колдонмолордо пайдаланылат.

 

Колдонулган адабияттар:

1.     Компьютер: колдонуу, программалоо (DOS, Basic, Turbo Pascal). А.Бердиев, А.Исраилов, Р.Табышов, Э.Өсөров; Бишкек педагогикалык колледжи. –Б.: 2000. – 316 б.

2.     Омуралиев А., Табышов Р. Информатика негиздери. Бишкек 2002ж

3.     Асанов У.А., Бердиев А. Компьютердик технологиялар колдонуучунун көз карашы менен. Бишкек 1999ж

4.     Фигурнов В.Э. IBM для пользователей. Справочное пособие. М., 1997г.

5.     Макарова Н.В. Информатика. Учебник «Финансы и статистика» М., 1998г.

6.     Информатика. Базовый курс. Под. ред. Симоновича С.В. и др.С-П.2001г.

7.     Панкова Г.Д. Информатика (практикум в MS EXCEL). Бишкек 2000г.

8.     Информатика. Практикум. Под. ред. проф. Макаровой Н.В. – М., 1996.

9.     Баячорова Б.Ж. Основы информатики. – Бишкек, 2001. – 258с.

10. Стоцкий Ю. Самоучитель Office 2000. – СПб.: Питер, 2002.

                                                                                                                                                Даярдаган А.Д.Ибраев

Информатиканын негиздери боюнча окурмандар үчүн электрондук китепче

Hosted by uCoz