Өз алдынча иштерде Web - технологиянын орду.
......Окуу жайдын бардык адистиктери боюнча окуу процессинде маалымат технологияларын пайдалануу азырынча тийиштүү көрсөткүчкө жетише элек, мындай көрсөткүч кафедралардын лабораториялык иштери боюнча фондуларынын жоктугу, предметтер боюнча студенттерди окутууда окутуунун тийиштүү программалык камсыздоолорунун жоктугу, окутуучулардын компьютерде иштөө, пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү жана көндүмдөрдүн жоктугунан ж.б. келип чыгууда. Бул проблемаларды жоюуга карата окуу процессинде жана студенттердин өз алдынча иштеринде маалымат технологияларын пайдалануу эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында Web – технологиясын пайдаланууну сунуштоого болот. Окутуучу лабораториялык иштер үчүн методикалык сунуштарды жана сунушталуучу тапшырмаларга окшош мисалдардын аткарылыш жолдорун Web баракчасында чагылдыра алат. Ар бир студентке өз алдынча иштердин тапшырмаларын же лабораториялык иштерди чагылдырардын алдында, окутуучу студенттердин аткаруу жөндүмдүүлүктүрүнө жана алардын психологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша алдын ала бөлүштүрүүсү зарыл. WEB – технологиясын пайдаланып биз электрондук окутуу каражаттарынын, электрондук методикалык сунуштардын, үйрөтүүчү программалардын топторун түзүү мүмкүнчүлүктрөнө ээ боло алабыз. Бул технологиянын негизинде студенттердин билимдерин текшерүүгө, сурамжылоого жана эркин баарлашууга, өз алдынчалуулуктарын өркндөтүүгө, предметке болгон кызыгууларын арттырууга, интерактивдик байланыш системаларын иштеп чыгууга ылайыктуу шарттар түзүлөт.